Исхак Раззаков. Залкар ишмердин сүрөттө калган көз ирмемдери

0

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткендин Лейлек районундагы Коросоң кыштагында туулган. Атасы Раззак менен апасы Жамийла Сүлүктүдөгү көмүр кенде иштеген. Кичинекей Исхак үч жашында энесинен ажырап, беш жылдан кийин атасы экөө Ташкенттеги туугандарыныкына жол тартат. Бирок жол азабынан Раззак катуу ооруп көз жумуп, кичинекей бала томолой жетим калган.

1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи секретары болуп иштегенде Кыргызстандын өнөр жай курулушу, ирригация, энергетика, айыл чарбасында жана социалдык маданий чөйрөсүндө жакшы көрсөткүчтөр болуп, бир топ ишкана, өнөр-жайлар, ГЭСтер, жогорку окуу жайлар, маданият мекемелери ишке кирген.

Жеке жашоосунда жубайы Рауза Ибрагимова экөө Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялаган.

Кыргыз, өзбек, тажик, фарс, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн коомдук ишмер астма менен ооруп жүрүп, 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ага 2016-жылы мамлекеттик эң жогорку Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз