Воскресенье, 19 мая

Айыл чарба министринин орун басарлары кармалды

0

Кыргызстанда ата мекендик айыл чарба продукцияларын чет өлкөгө тоскоолдуксуз чыгаруу үчүн жогорку кызматтагы адамдар жана айрым компаниялардын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүп алышканы аныкталган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө бул мыйзамсыз иштерге айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарларынын тиешеси бар экендигин тастыктаган далилдер табылды.

Кечээ, 26-октябрда УКМК тарабынан айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин учурдагы орун басары М.И. жана министрдин мурдагы орун басары И.А.С. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз