Вторник, 7 мая

Шайлоо: Бүгүндөн тарта үгүт иштери башталды

0

Кыргызстанда бүгүндөн баштап Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого үгүт иштери башталды. Бул тууралуу Боршайком билдирет. 

Маалыматка ылайык, шайлоого катышып жаткан партиялар жана талапкерлерге үгүт кампаниясын жүргүзүүгө 29-октябрдан 27-ноябрь саат 8:00гө чейин убакыт берилет. Ал эми добуш берүү 28-ноябрга белгиленген.

Бул ирет парламенттик шайлоо преференциялуу жана мажоритардык болуп аралаш система менен өтүп жатат. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. БШК 21 партияны, бир мандаттуу округдан 321 жаранды талапкер катары каттады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз