Воскресенье, 19 мая

Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарат

0

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин ЖК төрагасынын милдетин аткарат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.

«Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Талант Мамытов алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна байланыштуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткарат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз