Суббота, 20 апреля

Кыргыз калпагын тепкен блогер кечирим сурады (ВИДЕО)

0

Социалдык тармактарда орусиялык блогер жана футболчу Даниил Крапивниковдун кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты тепкен видеосу тараган.

Өз кезегинде Даниил Крапивников социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады. Анда ал калпак Кыргыз өлкөсүнүн улуттук баш кийими экендигин билбегендигин айтты.

«Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Жийиркеничтүү ишим үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Сиздердин улуттук баш кийимиңиз экенин билбегендиктен ушундай кылдым. Мен билем, бул мени актабайт. Бирок мен бардык кыргыз элин абдан сыйлайм. Бул эч качан кайталанбайт деп убада берем. Дагы бир жолу сиздерден чын жүрөктөн кечирим сурайм», — деп кайрылуу жасады Крапивников.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз