Пятница, 3 мая

8 жаштагы кыз 23 жаштагы жигитке 3 миң долларга сатылды

0

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин өлкөдөгү гуманитардык кырдаал начарлап кеткен. Кээ бир ооган үй-бүлөлөрү кыздарын адаттагыдан эрте күйөөгө сатууну же турмушка берүүнү чечишкен.

Балдарды никеге тургузуу жана бала сатуу Ооганстанда жаңылык эмес, бирок акыркы айларда мындай учурлар көбөйгөн.

8 жаштагы Ашо 23 жаштагы ооганга 3 миң долларга сатылган. Шукрие болсо болгону бир жарым жашта, бирок атасы аны 2 миң 800 долларга сатууну чечкен.

Ашонун апасы Бибигүл кызын үй-бүлө ачкачылыкка учурап, карыздарды төлөш керек деп сатып жибергенин айтууда.

«Бизде башка арга жок. Бул жакшы иш эмес. Кудай жана анын пайгамбары бизге мындай кылгыла деп эч качан айткан эмес», — дейт аял.

Эки кыздын атасы Мохаммад Ассан: «Ачкачылыктан жана качкындар лагеринде башыбыздан кечирип жаткан кыйынчылыктардан улам эки кызымды сатууга туура келди», — дейт.

Сатып алуучунун акчасы жок болсо, ата-эне анын ордуна мал же курал алууга даяр.

Калган эки кыздын атасы Кайлан: «Нажиба менин кызым. Мен аны 500 долларга саттым. Анын күйөөсү мага 250 доллар төлөп берди. Экинчи бөлүгүн төлөп берери менен кызымды алып кетет», — деген.

«Талибан» кыймылы бийликке келгенден бери түзүлгөн туруксуз кырдаалдан улам көптөгөн оогандыктар каржылык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, улуттук валютанын курсу кескин төмөндөп, тышкы жардам азайган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз