«Империя пицца» кафесинин кардарларынын ууланышына балык себеп болгон. Бул тууралуу санитардык көзөмөлдөө департаментинин өкүлү Кубан Кундашев билдирди.
Анын айтымында, сальмонелла бактериясы кызыл балыкта болгон.
Белгилей кетсек, «Империя пицца» тармагындагы ууланууда 318 адам жабыркады. Кафе 21 миң сом айып төлөдү.