Суббота, 23 ноября

АКШда Хэллоуин майрамында бир катар массалык ок ​​атуулар болду

0

АКШда Хэллоуин майрамынын урматына уюштурулган кечелер учурунда алты массалык атуу болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 29-октябрдын кечинен 31-октябрдын таңына чейин Техас менен Калифорнияда экиден, Иллинойс менен Нью-Мексикодо бирден ок атуу катталган. Натыйжада кеминде алты адам каза болуп, дагы 33ү жарадар болгон. Эксперттер азыркы кырдаалды АКШда адам өлтүрүүлөрдүн болуп көрбөгөндөй өсүшү деп атаган.

Белгилей кетсек, Хэллоуин — Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан заманбап майрам. Жыл сайын 31-октябрда белгиленет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз