Пятница, 22 ноября

Канат Исаев шайлоого катышуудан баш тартты

0

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча ат салышып жаткан 321 талапкердин 9у шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоого катышуудан баш тарткан 9 талапкердин тизмеси:

Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Муну менен 2021-жылдын 1-ноябрына карата 312 талапкер шайлоого катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз