Пятница, 3 мая

БШКга Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн арыз түштү

0

БШКга “Ынтымак” партиясынын талапкери, мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун үстүнөн шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн арыз келип түшкөн. Бул тууралуу арыз ээси, Социал-демократтар партиясынын өкүлү Таалайбек Усубалиев Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, 24-октябрда үгүт иши башталар алдында КТРКнын эфиринде Алмамбет Шыкмаматовдун катышуусунда 25 мүнөттүк «Биздин айыл» көрсөтүүсү обого чыккан.

«Көрсөтүүдө Алмамбет Шыкмаматов бала кези, Кызарт айылынын жана Жумгал районунун көйгөйлөрү тууралуу айтып берип, ал аймактын бардык көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун биле турганын билдирди. Бул үгүт иштери расмий баштала электе эле өзүн-өзү жарнамалоо жана үгүттөө болду», — деди Таалайбек Усубалиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз