Пятница, 22 ноября

Бир суткада 98 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 2-ноябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 38, Чүй облусунда — 36, Талас облусунда −2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 79 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 38, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 2, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 681 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 425 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 795 киши айыгып чыкса, 2 миң 674 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз