Кыргызстандык беш балбан бүгүн, 2-ноябрда, Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.
Чемпионаттын экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык беш балбан: Нурмухаммед Абдуллаев — 60 кг, Марлен Асикеев — 67 кг, Ийгилик Сатымкул уулу — 72 кг, Бексултан Назарбаев — 82 кг жана Данияр Шеримбеков — 97 кг килем үстүнө чыгат.