Кечээ, 1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.
Салтанаттуу кабыл алууга өлкө башчы Садыр Жапаров катышкан. Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алган.
БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.