Суббота, 23 ноября

Эртең Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

0

Эртең, 3-ноябрда саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны башталат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эркин Жолдошалиевдин ант берүүсү;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4889-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Электрондук соода жөнүндө» Мыйзамдын макулдашылган варианты;

3. «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору;

4. «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору;

5. «2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору;

6. «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга президенттин каршы пикири жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

7. «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга президенттин каршы пикири тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз