Суббота, 18 мая

Кыргызстан Сингапур жана Бахрейн менен жолдоштук беттеш өткөрөт

0

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын ноябрь күндөрү эки расмий жолдоштук беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.

Биринчи атаандаш Сингапур курама командасы болот. Бул оюн 11-ноябрда Шарджа шаарындагы «Аль-Хамрия» стадионунда өтөт.

Экинчи жолдоштук беттеш Бахрейн курамасына каршы болот. Бул оюн 16-ноябрда Манама шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия Кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтө турган бир айлампалуу турнирге өзгөртүлгөн. 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Чүчү кулак өткөрүү күнүн Азия футбол конфедерациясы кийинчерээк жарыялайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз