Воскресенье, 5 мая

Садыр Жапаровдун Глазго шаарына болгон жумушчу сапары аяктады

0

Президент Садыр Жапаровдун Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын Глазго шаарына 1-2-ноябрь күндөрү болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Өлкө башчы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнө лидерлеринин саммитинин ачылышына катышып, климаттын өзгөрүүсү боюнча кайрылуу жасады.

Садыр Жапаров саммиттин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Армениянын башчысы Армен Саркисян, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Исландиянын өкмөт башчысы Катрин Якобсдоуттир, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Франциянын лидери Эммануэль Макрон, Кувейттин шейхи Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах, Шри-Ланканын өлкө башчысы Готабай Ражапакс жана Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен кезикти.

Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассир, Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо жана Жашыл климаттык фондунун аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушууларды өткөрдү.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен падышалыгынын үй-бүлөсү кабыл алды.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Meta (Facebook) компаниясынын глобалдык туруктуулук боюнча директору Эдвард Палмиер менен жолугушуп, андан соң аталган ири социалдык тармактын павильонунда кыргызстандыктарга түз эфирде кайрылуу жасады.

Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрь күнү эртең менен Бишкек шаарына кайтып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз