Суббота, 18 мая

Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоо үчүн 200гө жакын муздаткыч келиши күтүлүүдө

0

Жакында Кыргызстанга Pfizer BioNTech вакцинасын сактоо үчүн 200гө жакын муздаткыч келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.

Анын айтымында, 27-октябрда өлкөгө Pfizer BioNTech вакцинасы келди.

«Аталган вакцина 80 градуста сакталгандыгы үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жыл башынан тарта даярдыктарды көрүп келди. Аталган вакцинаны сактоо жана таратуу үчүн муздаткыч жабдуулары эсептелип, жакынкы арада ЮНИСЕФ аркылуу 200гө чукул атайын муздаткыч жабдуулары келээри күтүлүүдө. Бул үчүн медициналык кызматкерлер атайын окуудан өттү», — деди ал.

Азим Кыргызбаев белгилегендей, Pfizer BioNTech вакцинасынын эрежесине ылайык борбордук деңгээлде -80 градуста 6 айдан 9 айга чейин сактаса болот жана ошондой эле облустарда -15 тен -20 градуска чейин эки жума сактоого, район жана убактылуу эмдөө пунктарында +2 ден +8 градуска чейин бир жума сактаса болот.

Ошондой эле ал убактылуу эмдөө пунктарындагы +2 ден +8 градуска чейин муздаткыч жабдуулары өлкө боюнча жетиштүү экенин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз