Казакстан Нур-Султан-Бишкек каттамын жандантат. Жакынкы аралыкта эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда аба байланышын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети билдирген.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан-Бишкек каттамын «E190-E2/A-320» учактары менен «Air Astana» авиакомпаниясы аткарат. Ошондой эле каттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен жана авиакомпаниянын сайттарында жарыяланган графикке ылайык аткарылары белгиленген.
Азыркы учурда жарандар Бишкек-Алматы, Ош-Алматы каттамы боюнча гана Казакстанга бара алышат.