Америка Кошмо Штаттарынын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу федералдык борборлору беш жаштан 11 жашка чейинки балдарды америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниясы чыгарган коронавирустук вакцина менен эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан балдарды аталган вакцинанын эки дозасы менен эмдөөнү сунуштаган.
Бул курактагы балдар үчүн вакцинанын бир дозасы чоңдордун дозасынын болжол менен үчтөн бирин түзөт. Экинчи доза үч жума тыным алган соң берилет.