Пятница, 20 сентября

Гуайдонун кол тийбестигин жоюу сунушталууда

0

АКШ менен башка бир топ Батыш жана Латын Америка өлкөлрүнүн колдоосун алган Гуайдо тууралуу башталган мыйзамдуу процесс улантылууда.

TRT/NET/TR: Венесуэлада өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаган Улуттук Парламенттин спикери Хуан Гуайдонун кол тийбестигинин жоюлушу талап кылынды.

АКШ менен башка бир топ Батыш жана Латын Америка өлкөлөрүнүн колдоосун алган Гуайдо тууралуу башталган мыйзамдуу процесс улантылууда.

Жогорку Юстиция сотунун төрагасы Майкл Морено өлкөдөгү жооптуу мыйзам чыгаруу органы Куруучу Парламенттен Гуайдонун кол тийбестигин жоюшун суранды. Морено Жогорку Юстиция Сотунун бул чечиминин Гуайдонун өлкө тышына чыгышына тыюу салынгандыгына карабастан Колумбияга баргандыгына байланыштуу башталган мыйзамдуу процесси үчүн чыгарылгандыгын белгиледи.

Процесстин ачык экендигин баса белгилеген Морено бул тууралуу  «алдыңкы тергөөнүн» керек эмес экендигин билдирди.

Жогорку Юстиция Сотунан бир сот бул чечимге кошулган жок. Гуайдо 28 —  мартта Коомдук Текшерүү Мекемеси тарабынан коомдук кызматтан алыстатылган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз