Пятница, 17 мая

Бишкекте «7-апрель шейиттери» мечити ачылды

0

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин 7-кичирайонунда экс-президент Алмазбек Атамбаев курдурган «7-апрель шейиттери» мечитинин ачылышы болду. Ага экс-президент өзү, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев,  аалым Абдышүкүр ажы Нурматовдор да катышышты.

Мечитте жалпы арбактарга арналып, куран окутулду. «Мен президент болуп турганымда өлкөдө жүздөгөн мектептерди салдырдым. Мен — мусулманмын. Андыктан, мечит салуу да-милдетим», -деди экс-президент ачылышта сүйлөгөн сөзүндө.

Мечит беш миң кишиге ылайыкташылып, 2 гектардан ашык жерге салынган. Буга кеткен каражат мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке казынасынан жумшалган. Ошондой эле ал мечиттин ортосундагы люстраны чет өлкөдөн бир досу берип жибергендигин билдирип, “Бул мечитти жалгыз өзүм эле кура алмак эмесмин, башка досторум да жардам беришти. Бирок алардын ким экендигин айта албаймын, Атамбаевдин адамы деп … куугунтуктап жүрүшпөсүн. Курулуш иштерин түрк жарандары жасашты, алар бул жерде отурушат, Сиздерге рахмат”,- деди.

Ал эми Абдышүкүр Нарматов өз сөзүндө айрым адамдар жумурткадан кыр издебеш керектигин, саясат өз жолу менен болуш керектигин айтып, “Бул Атамбаевдин эмес, Алланын мечити болот…”,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз