Пятница, 26 апреля

Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнөнүн чемпиону болду

0

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Сербияда 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге утту. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

Кыргыз балбан кызы финалдык беттеште колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу спортчу айым менен күч сынашты. Беттештин алгачкы бөлүгүндө активдүүлүк көрсөтпөдү делинип атаандашка 1 упай ыйгарылды. Ал эми 2-бөлүктө ошол эле упай кыргыз балбан кызынын пайдасына жазылды. Эсеп сандары 1:1 болуп турганда Айпери Медет кызы каршылаштын артына өтүп 2 упай иштеп тапты. Муну менен эсеп 3:1 болуп, мекендешибиздин жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңип алган.

Айпери Медет кызы Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Жакында эле Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Ошондой эле бир катар эл аралык мелдештердин байгелүү орундарынын жеңүүчүсү.



 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз