Вторник, 7 мая

Айпери Медет кызынын Дүйнө чемпиондугундагы суктандырган сүрөттөрү

0

Бүгүн, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.

Бүгүнкү беттеште кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы финалда күрөшөт. Анын финалдагы атаандашы колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу балбан болот.

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Баса белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда азырынча атаандаштарына бир дагы упай алдыра элек.

Финалдык беттеш бүгүн, 4-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз