Пятница, 22 ноября

Садыр Жапаров Европа комиссиясынын вице-президентин кабыл алды

0

4-ноябрда президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Европа биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскисти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент форумду өткөрүү маселесиндеги колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул форум Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча стратегиясынын иш жүзүсүнө ашуусу болуп жана Евро биримдик менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкка дем бермекчи.

Мамлекет башчысы ошондой эле Европа биримдиги Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш экенин белгиледи. Эгемендүүлүк алгандан тартып бирликтин өлкөнү демократиялык жана рыноктук реформаларда ырааттуу колдоп келет. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү Европа биримдиги менен эки тарапка кызыкчылык туудурган мындан аркы бардык багыттар боюнча көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык жана даяр экенине ишендирди.

Өз кезегинде Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мумкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз