Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында АКШнын Лос-Анжелес шаарында салтка айланган кыргыз кино күндөрү өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, кино күндөрүнүн алкагында Лэнмарк кинотеатрында “Акыркы көч” жана “Шамбала” кыргыз тасмалары көрсөтүлдү.
Иш-чарага “Шамбала” тасмасынын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков жана актер Артур Аманалиев, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев катышты.
«Көрсөтүүнү колдоо үчүн Американын ар кайсы штаттарынан мекендештер, ошондой эле Кыргызстандан коноктор келишти. Иш-чара абдан ийгиликтүү өттү. Жетинчи жыл катары менен Кыргызстандын кино күнү салттуу түрдө Азия кинофестивалынын алкагында өткөрүлүп келет», — деп айтылат маалыматта.