Вторник, 7 мая

Греция Кыргызстанга бекер вакцина бермей болду

0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен жолукканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жолугушуу Бишкекте өткөн «Европа биримдиги — Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында болгон.

«Сүйлөшүүдө грек тарап акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тараптар алдыда боло турган эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелеринин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү, саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Министрдин орун басары Костас Фрагогианнис грек тараптын саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө мамилелерди активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Инвестициялык кызматташуу жаатында «Enterprise Greece» уюму аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле грек бизнес делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууга даярдыгы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз