Пятница, 17 мая

Кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулу финалга чыкты

0

Кыргызстандык спортчу Бекболот Мырзаназар уулу бүгүн, 5-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта күч сынашкан Мырзаназар уулу жарым финалда белорусиялык Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңип финалга жолдомо алды. Жарым финалга чейин Мырзаназар уулу эки атаандашын таза жеңип алган эле. Алгач Гвинея-Бисау өкүлү Диамантина Иуна Фафени 10:0, чейрек финалда Ахмад Масуд Мохаммаднежаджаванды 7:0 эсебинде уткан. Финалда азербайжандык Алиаббас Рзазаде менен беттешет.

Бекболот Мырзаназар уулу 23 жашта. Эркин күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (Словакия, 2018-ж.). 23 жашка чейинлер арасында Азия чемпионатынын күмүш (Монголия, 2019-ж.), чоңдор арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Индия, 2020-ж.).

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз