Суббота, 4 мая

Бишкекте 1,6 миң кичи автобус, 193 автобус жана 130 троллейбус каттап жатат

0

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 1923 даана коомдук транспорт кызмат көрсөтүп жатат. Бул маалыматты АКИpress агенттигине мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы билдирди.

Планда белгиленген коомдук транспорттордун саны — 2429.

Каттап жаткан транспорттордун ичинен:

— 80 даанасы муниципалдык автобус;

— 130 даанасы муниципалдык троллейбус;

— 113 даанасы жеке автобус;

— 1600 даанасы жеке кичи автобус.

Ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан Бишкектеги коомдук тарнспортторду көбөйтүү максаты коюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз