Суббота, 18 мая

Бишкектеги заводдон чыккан өрттөн он адам жараат алды

0

Бишкек шаарындагы «Ак-Тилек» пластик чыгаруучу заводдон чыккан өрт 7-ноябрь күнү  саат 22:37де толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жаракат алган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Буга чейин Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан желим чыгаруучу заводдон өрт чыккан. Анда өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа, штаб жана 5 куткаруучу, бир ыкчам топ тартылганы маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз