Понедельник, 20 мая

Кыргызстанда канча жакыр адам бар?

0

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы кыргызстандыктардын 25,6 пайызы же 1,6 миллиону кедей жашаган калк болуп саналган, анын ичинен 41 миңи кедейчилик чегинде жашаган. Кедейлердин көпчүлүгү (72 пайызы) айыл жергесинин тургундары.

Республикада кедейлердин катарына керектөөгө багытталган кирешелери жылына жан башына 32 миң 93 сомдон же айына 2 миң 674 сомдон ашпаган жарандар киргизилген.  Эң кедейлер — кирешелери жылына 17 мин 471 сомдон же айына 1 миң 455 сомдон төмөн жарандар.

Кыргызстан 1990-жылдардын ортосунда кедейчиликти төмөндөтүү боюнча милдеттемелерди алган. Бул багытта ага улуттар аралык уюмдар жардам берип келүүдө. Улутстаткомдун маалыматтарына ылайык, 2018-жылы мамлекеттик жөлөкпул алуучулар 379 миңге жакын адам болгон, анын ичинен 96 пайыздан ашыгы16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандар (үй-бүлөлөргө) айлык жөлөкпулду алышкан.

Ошону менен бирге калктын кедейчилик чегинин чектик концентрациясы жөнүндө да айта кетүү зарыл. Эсептөөлөр жакырчылык чегинин 5 пайызга гана өсүшүндө (айына калктын жан башына 134 сом), кедейчилик деңгээлинин 4,9 пайызга өсүшүн көрсөтүүдө, бул 309,3 миң адамды түзөт.

2017-жылы кедейлер катарына киргизилген 1,6 миллион кыргызстандыктардын катарында 8,8 пайызы же 550 миң адам кедейчилик коркунучу бар аймакта жашаган. (Кедейчиликтин денгээлине плюс/минус 5%).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз