Суббота, 20 апреля

Баш калаада «Бишкек Сары-Өзөн 2021» жарманкеси өтөт

0

Бишкекте 10-20-ноябрда «Бишкек Сары-Өзөн 2021» универсалдуу көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чараны  Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы уюштурууда.

10-14-ноябрда тамак-аш жана кайра иштетүү, айыл-чарба техникалары, спорт, туризм шаймандары, эмерек, бал боюнча универсалдуу көргөзмө өтөт. 16-20-ноябрда «Алтын күз» аттуу товарлардын жарманкеси уюштурулат. Иш-чара «Аю Гранд2 соода борборунда өтөт.

Жарманкеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ишкерлер, Орусиянын Кыргызстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Белорус, Индия, Иран, Пакистан элчиликтеринин өкүлдөрү чакырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз