Пятница, 3 мая

Эртең Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

0

10-ноябрда саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нурбек Сапарбекович Исмаиловдун ант берүүсү;

2. «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору;

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4682-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Баалоо иши жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган варианты;

4. «2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча Протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз