АКШнын Калифорния штатынын Вентура шаарындагы орто мектептин мугалими сабак учурунда саясий көз карашын билдиргени үчүн жумушунан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мугалим сабак учурунда Дональд Трамп АКШнын азыркы президенти экенин айткан. Бул сегизинчи класстын окуучуларынын бири тарых сабагында класста эмне болуп жатканын аудиого жазып алгандан кийин тастыкталды. Жыйынтыгында мугалим жумушунан айдалган.
Эске салсак, Дональд Трамп өткөн жылы ноябрда АКШда өткөн президенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга албай келет.