Кечээ, 8-ноябрь күнү Баткендин Таян айылында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Өзбекстандын Сох районунун акими С.Саидмусаев жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, анда эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара бекетин жылдырбоо, демаркациялоо процесси бүткөнгө чейин чарбалык иштерди токтотуп туруу, чек ара аймактарда чыр-чатактардын жана кылмыштуулукту алдын алуу, соода-сатык, экономикалык, чарбалык ирригациялык маселелер жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштөө керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашты.