Воскресенье, 24 ноября

Бир суткада 46 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 10-ноябрга карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 28, Чүй облусунда — 2, Ош облусунда — 1, Нарын облусунда −5, Ысык-Көл облусунда — 10 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 69 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 45, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 8 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 583 бейтап, амбулатордук түрдө 778 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 694 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз