Руслан Казакбаев Италия Республикасына биринчи расмий сапарынын алкагында Ватикан мамлекетине барып, Рим Папасы Франциск менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Рим Папасы Франциск өлкөнүн жетекчилигине жана кыргыз элине эң жакшы каалоолорун айтты.
«Министр Руслан Казакбаев ошондой эле Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьеро Паролини (Өкмөт башчысы) менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын белгилешти», — деп жазылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо контекстинде эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашышты. Диндер аралык толеранттуулук маселелери өзүнчө талкууланып, анын ичинде билим берүү тармагындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
«2022-жылы Кыргыз өлкөсү менен Ватикандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Руслан Казакбаев ватикандык тарапка ошондой эле билим берүү жана маданият тармагын камтый турган Кыргыз өлкөсү менен Ватикан мамлекетинин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну түзүү маселесин карап чыгууну сунуштады.
Өз кезегинде Ватикандын мамлекеттик катчысы эки өлкөнүн келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү, ошондой эле 2022-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча министр Руслан Казакбаевдин сунуштарын кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.