Воскресенье, 24 ноября

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 8-саммити Стамбулда өтөт

0

Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын 8-саммити эртең, 12-ноябрда Стамбулда өтөт.

Саммитке Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусу күтүлүүдө.

«Санариптик доордо жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар» темасы менен өтө турган саммитте лидерлер күн тартибиндеги курч маселелерди талкуулап, кеңештин келечегине байланыштуу бир катар маанилүү темалар боюнча чечим кабыл алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз