Воскресенье, 19 мая

ИИМдин имаратына өмүр бою кесилген Жаныш Бакиевдин сүрөтү илинди

0

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилердин сүрөтү илинген тактаны ачуу аземи болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

10-ноябрдагы иш-чарага ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев жана аталган кызматтын мурдагы айрым жетекчилери катышты. Милиция тараткан сүрөттө жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы илинген.

Аталган иш-чарага алгачкы жетекчилер Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А.Ботобаев, М.Исмаилов, Б.Матмусаев, М.Кулуев жана башкалар келип катышкан. Бул салтанаттын алкагында ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылган.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз