Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында эмдөө көрсөткүчү боюнча акыркы орундардын биринде турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө абал туруктуу.
Республикалык штабдын мүчөлөрү республика аймагындагы COVID-19га каршы калкты вакцинациялоонун жүрүшу маселесин талкуулады. Аталган маселе боюнча Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы угулду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жакын арада Бишкек шаарында COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча кошумча пункттар ачылат жана жарандарды маалымдоо боюнча жаңы кампания башталат.
Байсалов облус жана шаарлардын жетекчилеине саламаттыкты сактоо уюмдарында суюк кычкылтек үчүн жабдуулардын даярдыгын инвентаризациялоону тапшырды. Анын айтымында, ооруп калган учурда ар бир жаран 50 км радиуста кычкылтек менен камсыз болушу керек.
Ал коронавирустук пандемиянын жаңы толкуну учурунда бейтаптар кычкылтек менен камсыздоочу жабдыктар менен камсыздалбаган учурда саламаттыкты сактоо тармагынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин кылмыш жоопкерчилигин эске салды.