Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда Баткен облусуна инвестициялоону сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө статус берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгиледи. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыз кылууга жана аймактын өнүгүсүүнө мүмкүндүк берет.
Президент облустун аймагында өлкөнүн мыйзамдарында аныкталган өзгөчө жеңилдетилген (преференциалдык) салык жана инвестициялык режим иштерин кошумчалады.
Ал түшүндүрүп бергендей, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0%га түшүрүлүп, киреше салыгы 10%дан 5%га түшүрүлөт.
Мамлекет башчысы Кыргызстан өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган, эки тараптуу кызыгууну арттырган агрардык тармактагы, тоо-кен жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
Ал түрк компаниялары жана ишкерлери Кыргызстанда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, биздин өлкөгө кошумча наркы бар биргелешкен ишканаларга жигердүү инвестициялай алышарын жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын болгон потенциалын толук колдоно алышарын белгиледи.