Бир нече мигрант Беларусь өлкөсү менен Польшанын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Польшанын аймагына кирип кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, качкындар тикенектүү зым тосмолорду бузушкан.
«Мигранттар тобу Польшага мыйзамсыз кирип келишти. Качкындар Брузги өткөрмө бекетиндеги тикенектүү зым тосмого зыян келтиришти, Польша полициясы баарын видеого тартып алды», — деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк бул маалыматты Польшанын Коргоо министрлиги да тастыктаган.
Эскерте кетсек, акыркы айларда Беларустан Польшага жана Балтика өлкөлөрүнө барган мигранттардын агымы байкалууда. Буга жооп катары Польша 30 жылдан бери биринчи жолу Беларусь өлкөсү менен чек арасынын коопсуздугун бекемдеп, БУУнун жана Евро Биримдиктин сотторунун Беларусь өлкөсү менен чек арадагы мигранттарга жардам берүү чакырыгына карабай өзгөчө абал киргизди. Сентябрь айында Польша бийлиги 418 чакырымдык тосмо курууга уруксат берген. Ал эми Польшанын парламенти да чек арадан мигранттарды артка кайтарууга уруксат берген мыйзамды кабыл алды.