Кечээ, 12-ноябрда Ош шаарында көп кабаттуу үйдө өз өмүрүн кыйганга аракет кылган адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя шаардын Спортивный көчөсүндөгү үйдө болгон. Көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы балкондон 1986-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүн кыйганга аракет кылган. Аны куткаруучулар менен туугандары түшүрүп алышты. Ал жерге 4 куткаруучу барган.