Пятница, 20 сентября

Ташкентте Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү талкууланат

0

Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу борбор азиялык конференция 2 күнгө созулат.

Ташкентте Борбор Азиядагы курчап турган айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан ири иш чара өтөрүн Avesta.Tj маалымат агенттиги Борбор Азиянын аймактык экологиялык борборуна шилтеме жасап билдирди.

Климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан борбор азиялык конференция (КӨБАК-2019) кечээ башталды жана эки күнгө уланат.

Анда елиматтын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар талкууланат.

КӨБАК-2019ка 400 өкмөттүк мекемелердин, илимий коомчулуктардын, жаштардын, эл аралык жана аймактык өнөктөштөрдүн, көп тармактуу өнүгүү банктарынын жана жарандык уюмдардын коомчулуктарынын климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан тармактарда иштеген өкүлдөрүн чогултту.

Борбор Азия – бул климаттын өзгөрүүсүнө көз каранды аймактардын бири деп айтты конференциянын катышуучуларына Бүткүл дүйнөлүк банктын башкы аткаруучу директору Кристалина Георгиева.

«Сиздер анын баарын көрүп турасыздар: мөңгүлөрдүн эришинен баштап, абанын ысышын, кургакчылыкты, селди жана көчкүлөрдү.  Бул жагдай жер ресурстарынын абалына, суунун сапатына, түшүмдүүлүккө таасир этип, жашоо үчүн каражаттын жоголуусуна алып келет. Ошон үчүн бул жерде Сиздердин ишиңиздер өтө олуттуу болуп саналат», – деп белгиледи Георгиева.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз