Пятница, 20 сентября

Генерал Хафтар Триполиге чабуул жасай баштады

0

Хафтар куралын таштагандардын баардыгынын коопсуздугун камсыздоого кепилдик берди.

Ливиянын чыгышында жайгашкан аскерлердин лидери генерал Халифа Хафтар Триполиде көзөмөлдү орнотуу максатында аскердик операция башталгандыгын жарыялады. Анын маалымат кызматынын соцтармакта жарыяланган аудиокайрылуусунда, Хафтар “операция элдин өтүнүчү менен башталгандыгын” билдирген. Генерал өз аскерлеринин аракетин “триумфалдык жүрүш” катары мүнөздөгөн. Хафтар куралын тапшыргандардын коопсуздугу камсыз болоруна кепилдик берген. 2011-жылдын 17-февралындагы революциядан кийин Ливия саясый туруксуздукка кабылган.

Өлкөдө бир эле мезгилде эки өкмөт – Тобрук шаарындагы өкүлчүлүктөр палатасы жана Триполидеги Жалпы улуттук конгресс түзүлгөн. Эки өкмөттүн тең карамагында куралчан жоокерлери бар. 2015-жылы 17-декабрда БУУнун ортомчулугу менен Мароккодо саясый макулдашууга кол коюлуп, анын негизинде Улуттук жарашуу өкмөтү түзүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз