Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук беттеште Бахрейнге 4:2 упай эсеби менен утулуп калды.
Кыргыз курамасынан голдорду команда капитаны Валерий Кичин 16-мүнөттө киргизсе, экинчи голду 24-мүнөттө Одилжон Абдурахманов киргизди. Абдурахмановдун бул голу улуттук курама үчүн дебюттук гол болду.
Кыргыз улуттук курама командасы 11-ноябрда БАЭде Сингапур курамасына каршы беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алган.