Среда, 24 апреля

Арзан көмүр саткан дагы бир кампа ачылды

0

Бишкекте арзан баада көмүр саткан дагы бир кошумча кампа ачылды. Бул тууралуу  «Кыргыз көмүр» ишканасы кабарлады.

Жаңы кампа Мурманский, 30Б дарегинде жайгашкан. Бул жакта да кара алтындын баасы үч миң сом болмокчу.

Кара-Кеченин көмүрүн арзан сатуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган. Ишкана элдин суроо-талабы жогору болгондуктан кошумча көмүр кампалары ачыла турганын убадалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз