Пятница, 3 мая

Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

0

Алдамчылыкка шектелип, убактылуу камакка алынган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялап жатат. Бул маалыматты Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Борбордун кызматкерлери Бишкектеги СИЗО-1 абагына 16-ноябрда барышкан.

«Маектешүү учурунда Гүлзат Мамытбек 14-ноябрдан бери тамактанбай, муну менен системага каршылыгын билдирип жатканын айтты. Ал өзүнө карата негизсиз айыптар тагылып жатат деп эсептейт. Тиешелүү документтери бар экенин айтты. Анын иши жарандык иш катары каралышы керек деп эсептейт. Ошондой эле ЖАМК менен ИИМдеги шарттарга, кызматкерлердин орой мамилесине арызданды», — деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта болот деген чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.

Гүлзат Мамытбектин үстүнөн 7 адам арызданган. Алардын айтымында, Г.Мамытбек кыска убакытта үстүнө чоң сумма кошулат деп акча алып, ошол бойдон жашырынып кеткен. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы — 110 миң доллар. Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 8-июнда ага алдамчылыкка шектелип жатканы тууралуу сырттан билдирүү берилген. Ал эми 13-июлда камакка алуу тууралуу сырттан чечим чыгарылган. Ага 2020-жылдын 8-августунда издөө жарыяланган.

25-октябрда Г.Мамытбек Кыргызстанга келгенде, аны Биринчи май РИИБдин кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз