Суббота, 20 апреля

Кыргызстанда 77 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 17-ноябрга карата коронавирус дагы 77 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

 

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 521 бейтап, амбулатордук түрдө 734 адам дарыланууда.

 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 605 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 712 адам каза болду

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз