Пятница, 22 ноября

2-3 жумадан кийин бензиндин баасы 7-8 сомго кымбаттайт

0

Кыргызстанда 2-3 жумадан кийин бензиндин баасы 7-8 сомго, дизелдин баасы 12,5 сомго көтөрүлөт. Ири компаниялар мындан ары төмөн бааны кармап тура албайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.

«Азыр биз бензинди өз наркынан төмөн баада сатып жатабыз. Мисалы, дизелдин өз наркы 65 сом болсо, май куюучу жайларда 53 сомдон сатылууда. Ири компаниялар узакка чейин минтип иштей алышпайт. Буга чейин Россиядан күйүүчү май көп көлөмдө алынып келчү. Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер күйүүчү майды көп көлөмдө сатып ала албайт, ошондуктан күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө кыйын болууда. Азыркы учурда биз импортко аябай көз карандыбыз.

Орто жана кичи компаниялар күйүүчү майды өз алдынча Кыргызстанга алып келе албай калды. Ошондуктан ири компанияларга күч келүүдө. Кичи компаниялар жабылууда, көптөгөн май куюучу жайлар иштебей турат. Дизелдин жетишсиздиги аябай сезилүүдө», — деди Эшатов.

Ал Россия өзүнүн ички рыногунда суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу күйүүчү майды көп көлөмдө сатпай жаткандыгын белгиледи.

«Казакстанда да дизель жетишсиз болууда. Алар 2 айдан бери дизелди Россиядан сатып алууда. Казакстан ай сайын 150 миң тонна дизель сатып алып жатат. Кыргызстанда бир айга 45-50 миң тонна дизель керектелет. Муну менен казактар Кыргызстанга 3 айга жете турган дизелди сатып алып, суроо-талапты көбөйтүп жатат. Ошондуктан октябрда Россияда дизелдин баасын 170 долларга кымбат сатып башташты жана бүгүнкү күнгө чейин баасы кымбаттап жатат. Учурда биз дизелдин 1 тоннасын 800 доллардан сатып алып жатабыз. Жыл башында 340 доллардан гана алчубуз. Бензиндин 1 тоннасын 300 доллардан сатып алсак, эми 780-790 доллардан алып жатабыз», — деди Эшатов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз