Пятница, 26 апреля

Бишкек-Ош жолунда каргашалуу кырсыктан жети адам каза болду (Видео)

0

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан каза болгондордун арасында кош бойлуу аял да бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Такталган маалыматтар боюнча, окуядан жети адам каза болгон. Эки эркек жана беш аял. Ошондой эле 16 жабырлануучу бар.

Курман болгон беш адамдын аты-жөнү жана фамилиялары аныкталды:

О.А.(1961-жылы туулган), эркек;

А.Ж. (1970-жылы туулган), эркек;

М.Г. (1965-жылы туулган), аял;

Т.О.(1960-жылы туулган) аял;

Н.Б. (2001-жылы туулган), аял.

Эки жаш келиндин аты-жөнү тактала элек, алардын болжолдуу жашы 20-25 жашта, бирөө кош бойлуу болгон. Каза болгондордун сөөгү облустук оорукананын өлүкканасына жеткирилген.

Жабыркагандардын арасында төрт бала бар:

С.Н. 2021-жылы туулган ымыркай;
Т.А.(2016-жылы туулган);
З.Ж. (2014-жылы туулган);
М.А. (2011-жылы туулган).
Балдар Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган.

Ошондой эле 12 чоң киши жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз